БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху аскер адамдарынын нааразычылыгын жаратты. Бул тууралуу Israel Hayom гезити жазды.
"Нетаньяху Ливан менен Иранда максаттардын ишке ашпай калышынын жоопкерчилигин башка бирөөлөргө оодарууга аракет кылып жатат деп эсептеген ЦАХАЛда нааразычылык күчөп жатат", — деп айтылат макалада.
Басылма Нетаньяху Иранга жасалган натыйжасыз чабуул үчүн күнөөнү Моссад кызматына, ал эми Ливандагы шалаакылыкты Израилдин армиясына жүктөөнү пландаганын жазды. Мындан тышкары, өлкөнүн саясий жана аскерий жетекчилигинин ортосундагы пикир келишпестик улам тереңдеп, жагдай оорлошуп жатканы белгиленген.
Эскерте кетсек, Израиль менен Ливандын ортосунда 16-апрелден тарта атышууну токтотуу боюнча келишим бар. Бирок "Хезболла" Тель-Авив авиация, дрон жана артиллерияны колдонуу менен калктуу конуштарга сокку уруп, элдешүүнү 200 ирет бузганын билдирген.
Кыймыл буга жооп иретинде операция жүргүзгөнүн маалымдады.