БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жүк ташыган унааны таш басып калып, айдоочусу мүрт кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 26-апрелде Терек-Сай айылында жайгашкан "Эти Бакыр Терексай" ЖЧКсынын аймагында болгон. Аскадан таш кулап, Volvo FM оор жүк ташуучу машинаны басып калган.
Набыт болгон 41 жаштагы айдоочунун сөөгүн ӨКМ кызматкерлери унаадан чыгарып, ИИМге өткөрүп беришкен.