Чадда суу талаштан чыккан жаңжалда 40тан ашуун адам каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Чад Республикасында суу булагын пайдалануу укугу үчүн эки үй-бүлөнүн кагылышуусунан 40тан ашуун адам каза болду. Бул тууралуу Tchadinfos порталы жергиликтүү бийликке таянып билдирди.
"Чаддын чыгышында башталган жаңжалдан кеминде 42 адам каза болуп, 10 киши жарадар болду. Вице-премьер Лиман Махаматтын айтымында, бул трагедия "кадимки жамааттык кагылышуу" эмес, суу булагы үчүн эки үй-бүлөнүн ортосундагы талаштан улам келип чыгып, кийинчерээк өч алуу аракетине айланган", — деп айтылат маалыматта.
Президент Махамат Идрис Деби Итно окуя болгон жерге вице-премьер, коргоо министри жана башкы штабдын жетекчисинен турган комиссия жөнөткөн. Бийликтин маалыматына ылайык, аскер күчтөрүнүн жардамы менен кырдаал көзөмөлгө алынды.
Африканын борбордук бөлүгүндө жайгашкан жакыр мамлекеттердин катарына кирген Чаддын чыгыш аймактарында Судандан келген качкындардын агымынан улам ресурстардын тартыштыгы күчөп жатат.
Илон Маск адамзат үчүн коркунучтуу божомол жасады