ЖККУ баш катчысы: БУУ оор кризисти башынан кечирүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюму учурда оор кризисти башынан кечирүүдө, мындан улам диалог үчүн аянтча түзүү аракеттери көрүлүп жатат. Бул тууралуу ЖККУнун баш катчысы Таалатбек Масадыков билдирди.
Ал Москвада өтүп жаткан "Жамааттык коопсуздуктун жаңы архитектурасы: ЖККУдагы маалыматтык-аналитикалык өнөктөштүктүн негизги маселелери" деп аталган эл аралык конференцияга катышкан.
"Геосаясатта абал олку-солку болуп турат. Кырдаалдан чыгуу жолдорун издештирип жатабыз. Эл аралык укук нормалары дайым эле бир кылка иштей бербейт", — деди баш катчы.
Ал талкуунун жыйынтыгы өлкө жетекчилерине татаал эл аралык маселелерди чечүүгө жардам берерин белгиледи.
Жакынкы Чыгыштагы жаңжал ЖККУ аймагына да таасир этет. Лавровдун жыйындагы сөзү