АКШлык команда Көчмөндөр оюндарында көк бөрү мелдешине катышууну пландап жатат

Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган көк бөрү мелдешине АКШнын командасы катышууга даярданып жатканын Юта штатынын делегация мүчөсү Жози Макги билдирди.
Ал Бишкекте Жогорку Кеңештин төрагасы менен болгон жолугушууда Юта штатында кыргыздын улуттук оюну болгон көк бөрүгө кызыккандар арбын экенин белгиледи.

"Биздин штатта кыргыздын улуттук оюну көк бөрүгө чоң кызыгуу жаралууда", — деди Макги.

Жолугушууда тараптар маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо боюнча бир катар демилгелерди талкуулап, бул багытта биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну сунушташты.
Ак илбирс Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары болуп бекиди