Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Ардактуу угармандар! Жаңылыктар топтому менен таанышып алыңыздар. Алгач кабарлардан кыскача...Данияр Амангелдиев Москвадагы Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынына катышты Бишкекте 6-кабаттан энеси менен кулаган бөбөк ооруканадан чыгарылдыПрезидент Эдил Байсаловго кошумча дипломатиялык милдет жүктөдү. Алдыда кененирээк...Садыр Жапаров Эдил Байсаловду кабыл алып, ага кошумча милдеттерди жүктөдү. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.Жолугушууда Байсалов өткөн кыргыз-америкалык саясий консультациялардын жыйынтыктары жана АКШ тараптагы сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди. Тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулашты.Жыйынтыгында мамлекет башчы Байсаловго Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде илгерилетүү боюнча ишти активдештирүү тапшырмасын берди. Ошондой эле ага Кыргызстандын президентинин эл аралык демилгелер боюнча атайын өкүлүнүн функциялары кошумча жүктөлүп, жогорку дипломатиялык ранг ыйгарылды.
Данияр Амангелдиев Москвадагы Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынына катышты Анда Евразия экономикалык биримдигинин электр энергиясынын жалпы рыногун түзүү боюнча планды жаңылоо сунушу жактырылды. Ошондой эле айрым LED модулдар 2028-жылдын июнуна чейин бажы төлөмдөрүнөн бошотулду. Улуттук маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча план да колдоого алынып, жаныбарлар жана алардын продукцияларын көзөмөлдөөнүн бирдиктүү механизми түзүлөрү белгиленди. Мындан тышкары, ЕАЭБ менен Тунистин ортосунда эркин соода келишимин түзүү мүмкүнчүлүгү каралып, маселе өлкө башчыларынын деңгээлинде талкууланары айтылды. Кеңештин жыйынтыгында кийинки жыйын майда Астанада өтөрү маалымдалды.
Бишкекте 6-кабаттан энеси менен кулаган бөбөк ооруканадан чыгарылды. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, кыздын абалы канааттандырарлык. Каргаша 4-апрель күнү кечинде болгон. 27 жаштагы келин бир жана төрт жаштагы эки баласы менен терезеден кулап кеткени кабарланган. Окуянын кесепетинен эне бир жашар ымыркайы менен набыт болгон. Төрт жашар кыз ооруканага өтө оор абалда түшкөн. Анын мээси жабыркап, астыңкы жаагы менен оң жак ийин сөөгү сынып кеткен, өпкө жана ички органдары жабыркаган, ошондой эле ооз көңдөйүнөн дагы жаракат алган. Бөбөк дээрлик бир жумадан кийин, 10-апрелде эсине келген. Милиция окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси ("Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү") менен иш козгоп, маркумдун 34 жаштагы М.А. аттуу күйөөсү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери Россияда өткөн абройлуу "Арабеск" балет сынагында ийгилик жаратты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бийчи Адилжан Рахманов II даражадагы лауреат наамын жеңип алса, Даяна Кыдыралиева диплом менен сыйланды. "Арабеск" эл аралык балет сынагы 1988-жылдан бери өтүп келет жана дүйнөдөгү эң абройлуу конкурстардын бири . Быйылкы сынак Пермь шаарында 15–25-апрель күндөрү өтүп, Пермь балетинин 100 жылдыгына арналды. Иш-чарага дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн жүздөгөн катышуучулар катышкан.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР:Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 30 тыйынга евро 102 сом 72 тыйынга юань 12 сом 82 тыйынга рубль 1 сом 15 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 76 сом 60 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 82 сом 50 тыйындан жогору, дизель майы литрине 83 сомдон тарта бааланса, унаа газынын литри 41 сом 80 тыйындан сатылууда.
Аба ырайы28-апрелге караган түнү Баткен, Жалал-Абад, Талас облусунан башка аймактардын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Эртен шейшембиде өлкөнүн айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +23…+28, Талас аймагында +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көл, Нарында +14...+19, градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +24...+26, Ош шаарында +25...+27 градуска чейин көтөрүлөт.