CASA-1000 долбоору 2028-жылы ишке кирет — кандай иштер жасалды?

Sputnik
Кыргызстандын электр энергиясы Пакистан менен Афганистанга жетет. Борбордук жана Түштүк Азиянын энерготутумдарын бириктирген CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстан өз милдеттерин толук аткарып, экспорттук линияларды куруп бүттү. Долбоор Афганистандагы курулуш бүтөрү менен ишке берилери айтылууда. Эксперттер ага чейин Кыргызстан электр таңсыктыгын жоюп, электр энергиясын алуунун альтернативалуу булактарын да иштетүү зарылдыгын белгилешүүдө. CASA-1000 долбоорунун иши тууралуу CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев маек курду.