Президенттик шайлоодо жарандар каалаган участкадан добуш бере алышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен депутат Дастан Бекешевдин коомдук талкууга чыгарган мыйзам долбоорунда жазылган. Демилгеге ылайык, шайлоочулар өз шайлоо участкасынан тыш жүргөнүнө карабастан добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан улам "шайлоочунун дареги" түшүнүгүн жоюу сунушталууда. Ошол эле учурда аралыктан добуш берүү тартиби так жөнгө салынып, депутаттарды тандоодо бир шайлоо округунун ичинде башка участокто добуш берүүгө чектөө киргизилет. Талапкерлерди колдоо үчүн кол тамгаларды булуттук электрондук кол тамга аркылуу онлайн чогултууга шарт түзүлөт. Үгүтчүлөрдүн саны боюнча дагы өзгөртүүлөр сунушталган. Учурдагы мыйзам боюнч президенттик шайлоодо 10 миңге чейин, парламенттик шайлоодо 1000ге чейин үгүтчү тартууга уруксат берилсе, эми ар бир шайлоо участогуна үчтөн ашпаган үгүтчү иштетүү деимлгеленди. Мындан тышкары, талапкерлер документ тапшырган учурда шайлоо фонду түзүп, милдеттүү төлөмдү киргизиши керек. Ансыз документтер кабыл алынбайт.
Ош" эл аралык аэропортунун аймагында "Аэропорт" авиапаркы расмий пайдаланууга берилди. Ачылуу аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев, "Кыргызстан Аэропорттору" ААК башкармалыгынын жетекчиси Манасбек Самидинов, аэропорт жамааты жана шаар тургундары катышты. Жанарбек Акаев шаар тургундары үчүн бул сейил бак чоң белек экенин, калаанын аймагындагы ишканалар бош жайларды жашыл аймак кылса жакшы болоорун айтты. Ошондой эле калаа башчысы ушу тапта Ош шаарында көчөт отургузуп, бак тигүү жашыл зоналарды көбөйтүү жараяны жигердүү жүрүп жатканын кошумчалады. Белгилей кетсек, "Аэропорт" сейил багы 1 гектар жерди ээлеп, анда авиамузей, Сулайман-Тоонун 3Д макети, 2 кадимки учак, сейил бак, оргума бар. Ошондой эле, жашыл аймак, түнкүсүн жарыктандыруу, өзгөчө дизайндагы отургучтар каралган. Ж.Акаев өз сөзүндө билдиргендей, учурда шаар боюнча 13 жаңы сейил бак курулууда.
Кыргызстанда дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга багытталган министрлер кабинетинин тиешелүү токтому кабыл алынды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, кабыл алынган токтомго ылайык, 2026-жылдын 1-апрелинен тартып тармак кызматкерлери жогорулатылган эмгек акы алышат. Бул чара кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга, материалдык кызыкчылыгын күчөтүүгө жана тийиштүү эмгек шарттарын түзүүгө багытталган. Токтомду ишке ашыруунун алкагында бардык зарыл финансылык-экономикалык эсептөөлөр жүргүзүлдү. Документке ылайык, кызматкерлердин эмгек акысы 50 пайызга жогорулатуу каралган, ошондой эле кошумча 15 миң сом өлчөмүндө көбөйтүү белгиленген. Мындан тышкары, 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация каралган. Белгилей кетсек, спорт чөйрөсүндө 4 367 кызматкердин айлык акысы көтөрүлүүдө.
Ошто көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддары жаңыланууда. Б