БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияга бомба клюлганы тууралуу жалган маалымат таратууга шектелип 19 жаштагы жигит кармалганын Бишкектин Ленин РИИБи билдирди.
Милицияга кабар 25-майда кечки саат 7лерде түшкөн. Филармонияга келген укук коргоо органдары дароо элди эвакукациялап, имаратты курчоого алышкан. Натыйжада жардыруучу зат табылган эмес.
Бир нече сааттын ичинде шектүү аныкталып, милицияга жеткирилген. Кылмыш иши козголду.
Милиция террордук мүнөздөгү жалган маалымат таратуу катуу жазаланууга тийиш кылмыш экенин эскертет.