Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин айлык акысы жогорулатылды

Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Кыргызстанда дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды. Тиешелүү токтом министрлер кабинети тарабынан кабыл алынды.
Документке ылайык, 1-апрелден баштап аталган тармактагы кызматкерлердин айлыгы 50 пайызга көбөймөкчү. Ошондой эле кошумча 15 миң сом үстөк жана 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация каралды.
Жалпысынан спорт чөйрөсүндө 4 367 кызматкердин айлык акысы көтөрүлөрү күтүлүүдө.
Орунбеков: тажрыйбалуу мугалимдер 90 миң сомго жакын айлык алышат