БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Баткен районунун Чоң-Гара айылында жубайлардын сөөгү табылды.
Айыл башчы Темирбек Төлөбаевдин айтымында, окуя 26-апрелде эртең менен катталган. 45 жаштагы келин бычакталып, 46 жаштагы күйөөсү асылган абалда табылган. Жубайлар беш балалуу болгон, үчөө окуучу.
"Окуя түн ичинде болгон окшойт. Эртең менен балдары көрүп, кабар беришкен. Аялы бычакталып, күйөөсү даракка асынган абалда табылган. Милиция келип, сөөктөр экспертизага жөнөтүлдү. Үй-бүлөнүн буга чейин урушуп-талашканын уккан эмеспиз", — деди айыл башчы.
Факт Баткен РИИБине катталып, милиция териштирүү иштерин жүргүзүүдө.