27-апрелге карата аба ырайы

27-апрелде күндүз республиканын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 21…26, Талас жеринде 20…25, Ысык-Көл өрөөнүндө 14…19, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 22…27, Нарын жеринде 17…22 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 22…24, Ош шаарында 25…27 градусту түзөт.
Ысык 37 градуска жетет. Май айында күтүлгөн аба ырайы