МИК октябрда премиум-класстагы 6,5 миң батирди тапшырууну пландап жатат

Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Бишкектин Байтик баатыр көчөсүндө (Түштүк магистралдан жогору) жайгашкан турак жай комплексиндеги премиум-класстагы батирлер октябрь айында ээлерине берилет. Бул тууралуу прораб Бектур Назаров билдирди.
Мамлекеттик ипотекалык компания билдиргендей, азыр 18 кабаттан турган 43 блок салынууда. Ар биринин астында жер алдындагы унаа токтотуучу жайлары бар. Тагыраагы, ар бир батир үчүн унаа токтотуучу жай да каралган.
Курулушка сапаттуу каражаттар, М-400 үлгүсүндөгү цемент жана Россиядан алынган арматуралар пайдаланылган. Айрым блоктордо соңку этаптагы иштер жүрүүдө. Кээ бирлери үчүн орундар эми казылып баштап, пайдубалы курулууда.
Ысык-Көлгө топурак төгүлүп жаткан видео тарады. Министрликтин түшүндүрмөсү