Бишкекте 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылды деген киши кармалды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Ак-Босого конушунун тургундары жети жаштагы кызды зордуктоого аракет кылды деп шектелген кишини кармашты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Окуя болгон жерге тартип сакчылар барганда жергиликтүүлөр кармап турган 24 жаштагы кишини милицияга өткөрүп беришкен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Зордуктоого аракет жасоо" беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө жана соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы кылмышты алдын алган жарандарга ыраазычылык билдирди.
Дубайга сойкулукка сатылган өспүрүм кыз. Милиция окуянын чоо-жайы тууралуу