Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Кыргызстан – Кытай – Пакистан багыты боюнча жаңы пилоттук транспорттук каттам ишке киргенин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдады. Билдирүүгө ылайык, каттам Бишкектен башталып, Торугарт – Кашкар – Хунджераб – Исламабад – Карачи деңиз портуна чейин аткарылып, жалпы узундугу – 3 300 чакырымды түзөт. "Жаңы каттам Кыргызстан үчүн эл аралык логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, тышкы соода жүгүртүүнү жандандырууга жана деңиз портторуна чыгууну камсыздоого өбөлгө түзгөн стратегиялык маанилүү кадам болуп саналат", – деп айтылат маалыматта. ШКУга мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин 13-жыйынында Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Альтамаш Вазир Хан бул аракеттерди өзгөчө жетишкендик катары баалаган. Тараптар мындан ары да транспорт, логистика жана соода тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө даярдыгын билдиришти. Министрлик каттам Эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясы менен биргеликте ишке ашканын кошумчалады.
Баткенде Алымкул аталыкка эстелик тургузулат. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Арслан Койчиев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, XIX кылымда жашап өткөн чыгаан ишмер, Кокон хандыгынын иш жүзүндөгү башкаруучусу, генерал Черняевдин күчтөрү менен кармашып жатып, Ташкент салгылашуусу маалында отуз эки жашында шейит кеткен атактуу Алымкул аталыктын (Алымкул амир-и лашкер, Алымкул амир ул-уламо) урматына эстелик тургузулат. "Эстелик Алымкул аталыктын киндик каны тамган мекени Баткен шаарына тургузулат. Баткен облусунун жетекчилиги жер бөлүп берүү, парк куруу маселеси менен алпурушуп, эстелик турчу жер алдын ала макулдашылды. Эстелик сынак аркылуу тандап алынат, ал эми сынактын шарттары жакын арада жарыяланат", - деди ал.
Бразилияда өтүп жаткан World Boxing версиясы боюнча дүйнө кубогунда кыргызстандык мушкер Анваржан Ходжиев жарым финалга жолдомо алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. 50 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан Ходжиев мелдешти 1/8 финал баскычынан баштап, алгач Япониянын өкүлү Даичи Ивейди 3:2 эсебинде жеңди. Ал эми чейрек финалда Австралиянын өкүлү Айзаз Омерди да 3:2 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты. Бул жыйынтык менен кыргызстандык мушкер кеминде коло медалды камсыз кылды. Жарым финалдык беттеш бүгүн өтөт. Анда кыргызстандык мушкер Азербайжандын өкүлү Субхан Мамедов менен беттешет.
АКШнын атайын өкүлдөрү менен Ирандын ТИМ жетекчисинин түз сүйлөшүүлөрү 27-апрелде Исламабадда өтүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Axios порталы жазды. Маалыматка ылайык, Ирандын ТИМ жетекчисинин АКШ өкүлдөрү менен жолугушуусу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин өтүшү мүмкүн. Тактап айтканда, Аббас Аракчи Пакистан тарап менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, андан соң Жаред Кушнер, Стив Уиткофф жана пакистандык ортомчулардын катышуусунда сүйлөшүүлөр болот. “Аракчи жума күнү Пакистанга барды. Бул өлкө Тегеран менен Вашингтондун ортосунда көпүрө болууда. Ирандын ТИМ башчысы андан кийин кырдаалды жөнгө салуу аракеттерин талкуулоо үчүн Оман жана Россияга барууну пландоодо” – деп жазылат маалыматта.