Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Жалал-Абад облусунда чегиртке 7 320 гектар аянтка жайылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, беш райондо 5 даана атайын техника тартылып, тынымсыз химиялык иштетүү жүргүзүлүүдө. Ушундай эле иштер Ош облусунда да аткарылды. Министрликтен белгилешкендей, өлкө боюнча кырдаалга көзөмөл күчөтүлдү. Быйыл зыянкечтер адаттагыдан эрте пайда болгондуктан, адистер 11 530 гектар жайытты текшерип чыгышты. “Бүгүнкү күнгө карата 4 миң гектар аянт иштетилди, жакынкы күндөрү дагы 7 миң гектарды камтуу пландалууда. Кырдаал көзөмөлдө”, — деп билдиришти Айыл чарба министрлигинен.
Кыргызстан Россиядан тик учактын учкучтарын даярдаган заманбап машыктыргыч алды Жабдуу аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында берилгенин өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди. Машыктыргыч татаал аба ырайында, тоолуу аймактарда жана түнкүсүн учканды шарттуу көрсөтүп берет. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдар, системалар жана кыймылдаткыч бузулуп калгандай болуп иштейт. Учкучтар аны менен ар кандай шартта техника башкарганды үйрөнүшөт.
Кыргызстандагы 70 миң таксисттин ичинен 15 миңи эле лицензия алганын ИИМ маалымдады Мындан улам министрлик лиценция алуунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү сунуштоодо. Тактап айтканда, тизмедеги төмөнкү документтерди алып салуу каралууда: салыктар, салыктан тышкаркы кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын бар/жогу жөнүндө аныктама, автотранспорт каражатын башкаруу укугуна ишеним кат жана соттолбогондугу тууралуу аныктама. Ошондой эле эми май айынан тартып такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензияны "Түндүк" тиркемеси аркылуу да алууга болот.
Ак-Босого конушунун тургундары жети жаштагы кызды зордуктоого аракет кылды деп шектелген кишини кармашты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы маалымдады. Окуя болгон жерге тартип сакчылар барганда жергиликтүүлөр кармап турган 24 жаштагы кишини милицияга өткөрүп беришкен. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Зордуктоого аракет жасоо" беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө жана соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы кылмышты алдын алган жарандарга ыраазычылык билдирди.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон АКШ, Россия жана Кытай лидерлери чечкиндүү түрдө европалыктарга каршы чыгууда деп эсептейт. Ал мындай пикирин Грециядагы иш сапарында айтканын RT жазды. Франция президенти Европаны "ойгонууга" чакырган. Ошондой эле Макрон АКШны союздаш катары ишенимсиз деп белгилеген. "Америка президенти, Россия лидери жана Кытайдын төрагасы европалыктарга каршы болушууда", — деген ал. Мурдараак Европа биримдигинин башчысы Антониу Кошта биримдиктин кызыкчылыктары америкалыктар менен мындан ары коошпой турганын билдирген. Ал европалык лидерлер негизги чечимдерди Трампка калтыра берсе, Европа биримдиги алсырап, бир бүтүндүгүн жоготот деп эсептейт.