Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Эми милдеттүү медициналык камсыздандыруу 16 жаштан эмес, 18 жашка чейин иштейт. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында балдардын курагы 16 жаштан 18 жашка чейин узартылды. Бул жаш курактагы өспүрүмдөр үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү республикалык бюджеттин эсебинен төлөнөт. Мыйзам жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен толук камтуу жана айрым категорияларга акысыз же жеңилдетилген медициналык кызматтарды камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
Кыргызстанда мамлекеттик органдар талап кыла турган документтердин тизмеси бекитилип, ага кирбегендер жарандардан жана бизнес өкүлдөрүнөн талап кылынбайт. Президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койду. Жаңы тартип 2026-жылдын 1-апрелинен тартып 2027-жылдын 31-мартына чейин күчүндө болот. Жарлыкка ылайык, өлкөдө "жөнгө салуучу гильотина" механизми киргизилип, уруксат берүүчү документтердин саны кескин кыскартылат. Бул чара ашыкча бюрократияны жоюуга, бизнес жүргүзүүнү жеңилдетүүгө жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган. Лицензиялар, сертификаттар, патенттер, каттоолор жана башка ушул сыяктуу документтер уруксат берүүчү документтер катары каралат. Бирок Улуттук банк тарабынан берилүүчү документтер бул тартипке кирбейт. Жарлыкта мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар милдеттер жүктөлгөн.
Электр энергиянын тарифтеринин жогорулашы Кыргызстандагы энергетика тармагына инвесторлордун кызыгуусун арттырды. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев “Биринчи радиого" берген маегинде билдирди. Анын айтымында, мурда электр энергиясынын баасы төмөн болгондуктан инвесторлор чакан ГЭСтерди курууга кызыкдар болгон эмес. Себеби инвестициянын кайтарымы өтө узак мөөнөттү талап кылган. Министр ошондой эле тарифтердин акырындык менен көтөрүлүшүн калк да колдогонун белгиледи. “Эгер инвестициянын кайтарымы 50 жыл болсо, инвесторлор акча салбайт”, — деди ал. Азыр энергетика тармагына дүйнөлүк ири каржы институттарынын, анын ичинде Дүйнөлүк банк жана Ислам өнүктүрүү банкынын кызыгуусу артып жатканы кошумчаланды.
Мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясын тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Комиссияны мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жетектейт, анын орун басары болуп маданият министри Мирбек Мамбеталиев дайындалды. Комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттик администрациянын өкүлдөрү, окумуштуулар, маданият ишмерлери, композиторлор жана тиешелүү министрликтердин жетекчилери кирди. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги комиссиянын ишин уюштуруп, чыгармачыл топторду мамлекеттик буюртма аркылуу тартууну жана сунушталган долбоорлорду коомдук талкуудан өткөрүүнү камсыздайт. Жаңы гимн сынак негизинде даярдалат. Бул үчүн акындар, жазуучулар, композиторлор жана дирижёрлордон турган