БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кыргызстанда өндүрүлгөн жоолук, кашне жана моюн орогучка чет өлкөдө суроо-талап бир нече эсеге өстү.
Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында өлкө бул товарлардан 26,7 миң даана экспорттогон, ал эми өткөн жылдын ушул эле мезгилинде көрсөткүч 800 даанадан да аз болгон.
Продукциянын дээрлик бардыгын Россия сатып алган, калганы Тажикстанга жөнөтүлгөн.
Адистердин баамында, мындай өсүш кыргыз текстиль продукциясына болгон кызыгуунун жогорулаганын көрсөтөт.