БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Эмгек министрлиги эмне үчүн жумушка чет өлкөлүктөр алынып жатканынтүшүндүрдү.
Министрдин орун басары Мирлан Байгончоков белгилегендей, жумуш орундары көп, мисалы “Тазалыкта” вакансиялар бар. Бирок жергиликтүү жарандарга сунушталган айлык аз сезилгендиктен баш тартышат. Ал эми чет элдик жумушчулар үчүн бул айлык ылайыктуу.
“Мен мэрияда иштеп жүргөндө да жарандарга жумуш сунушталчу, бирок алар баш тартышчу. Бизге болсо жумушчулар керек, ошондуктан чет элдиктерди алабыз”, — деди ал “Ишеним” депутаттык тобунун жыйынында.
Министрликтин дагы бир өкүлү быйыл чет элдиктер үчүн 52 миң жумуш квотасы каралганын билдирди. Алар негизинен жол салууда, тигүү өндүрүшүндө, курулушта, жеңил өнөр жайда жана соода тармагында иштешет.