ФСБ Россияда Роскомнадзордун жетекчилигине кол салуу аракетин алдын алды

Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) Коомдук байланыштар борбору Роскомнадзордун жетекчилерине каршы даярдалып жаткан теракт алдын алынганын билдирди. Бул аракет Украинанын атайын кызматтарынын катышуусу менен уюштурулган деп айтылууда.
Маалыматка ылайык, теракт 18-апрелде токтотулган. Москва, Уфа, Новосибирск жана Ярославль шаарларында жалпы жети адам кармалган. Алар Telegram аркылуу тартылган радикалдык жана неонацисттик көз караштагы топтун мүчөлөрү болгон.
Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр Россиянын Байланыш, маалымат технологиялары жана массалык коммуникацияларды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын (Роскомнадзор) жетекчилеринин биринин унаасын жардырууну пландашкан.
Дагы эмне белгилүү:
топтун жетекчиси 22 жаштагы Москванын тургуну болгон, ал кармоо учурунда каршылык көрсөтүп жок кылынган;
тинтүү учурунда жардыргыч зат, курал-жарак, рациялар жана экстремисттик символдор табылган;
ошондой эле тыюу салынган уюмга кошулуу боюнча көрсөтмөлөр алынган.
Тергөөнүн версиясына караганда, кылмышка катышкандар арасында жаштар жана өспүрүмдөр бар, алар чет өлкөдөн башкарылып турган.
ФСБ ошондой эле кармалгандардын айрымдарынын көрсөтмөлөрүн жарыялап, алар Telegram чаттарында жардыруу жана өрттөө пландары талкууланганын моюнга алышканын билдирди.
"Курал-жаракты мыйзамсыз сактоо” жана “терактыга даярдык көрүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.
Путин: Россия конституциялык түзүлүштү кыйратчуларга катуу чара көрүшү керек