БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Мугалимдердин эмгек акысы орточо 35 миң сомдон 100 миң сомго чейин, ал эми дарыгерлердики 40 миң сомдон 90 миң сомго чейин жана андан жогору деңгээлге чыкты. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, социалдык чөйрөдө иштеген 300 миңге жакын кызматкердин эмгек акысы жогорулатылган.
Орунбеков мурда айлыктын төмөндүгүнөн улам дарыгерлер, мугалимдер, маданият жана спорт тармагындагы адистердин бир бөлүгү жумушун таштап кеткенин белгилеп, бул тармактар негизинен кесибине берилген адистердин эсебинен сакталып келгенин айтты.
"Акыркы беш жыл ичинде эмгек акы этап-этабы менен жогорулатылып, шарттар жакшыртылып келди. 2026-жылдын 1-апрелинен тарта айлыктар орточо 100 пайызга жогорулады. Айдын аягында кызматкерлер көбөйтүлгөн эмгек акыларын алышат. Ошондой эле 15 000 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм киргизилди", — деп жазган ал.
Маалыматка ылайык, шаардагы жаш мугалимдердин айлыгы 14 миң сомдон 39 миң сомго чейин жогорулап, салык кармалгандан кийин орто эсеп менен 32 миң сомду түзөт. Бийик тоолуу аймакта 30 жылдан ашык тажрыйбасы бар мугалимдердин эмгек акысы 65 миң сомдон 104 миң сомго чейин жетип, колуна болжол менен 90 миң сом тиет.
Дарыгерлердин да маянасы жогорулаган. Шаардагы жаш дарыгерлердин айлыгы 17 миң сомдон 42 миң сомго чейин көтөрүлсө, тажрыйбалуу дарыгерлердики 52 миң сомдон 91 миң сомго чейин жетти. Жалпысынан алганда мугалимдердин айлыгы орточо 35 миң сомдон 100 миң сомго чейин, ал эми дарыгерлердики 40 миң сомдон 90 миң сомдон жогору деңгээлге чыкканы кошумчаланды.