БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кытай жана Кыргызстан өлкөнүн бардык аймактарында чакан жана орто бизнести колдоо максатында өндүрүш ишканаларын түзүүнү караган “250 өндүрүш линиясы” программасын ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишти.
Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кытайдын Шаньдун провинциясынын элдик өкмөтүнүн делегациясын кабыл алды.
Кытай тарап Кыргызстандын акыркы жылдардагы экономикалык өнүгүүсүн жогору баалап, аталган программаны жана башка тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.