БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Ишемби күнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +22...+27, Талас жергесинде +20...+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24…+29, Ысык-Көлдө +16...+21, Нарын өрөөнүндө +17...+22 градус жылуу болот.
Бишкекте +24…+26 градус жылуу болсо, Ошто өткүн өтүп, күн күркүрөп, күндүн табы +26…+28 градуска көтөрүлөт.