Бишкек шаарында 245 унаага ылайыкталган көп кабаттуу унаа токтотуучу жай пайдаланууга берилди. Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан объектинин ачылышына мэр Айбек Жунушалиев жана шаардык кеңештин депутаттары катышты. Долбоор жер төлө жана беш кабаттан туруп, жалпы аянты 11 миң чарчы метрден ашат. Имараттын фасады заманбап металл панелдери менен жасалган, LED-экран менен жабдылып, заманбап архитектуралык көрүнүш берилген. Имараттын чатырында үч теннис корту бар спорттук зона жайгаштырылган. Ошондой эле жанаша аймактар жакшыртылып, жолдор, тротуарлар, балдар аянтчасы жана коомдук транспорт аялдамасы жаңыртылды.
Мугалимдердин эмгек акысы орточо 35 миң сомдон 100 миң сомго чейин, ал эми дарыгерлердики 40 миң сомдон 90 миң сомго чейин жана андан жогору деңгээлге чыкты. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, социалдык чөйрөдө иштеген 300 миңге жакын кызматкердин эмгек акысы жогорулатылган. Орунбеков мурда айлыктын төмөндүгүнөн улам дарыгерлер, мугалимдер, маданият жана спорт тармагындагы адистердин бир бөлүгү жумушун таштап кеткенин белгилеп, бул тармактар негизинен кесибине берилген адистердин эсебинен сакталып келгенин айтты. "Акыркы беш жыл ичинде эмгек акы этап-этабы менен жогорулатылып, шарттар жакшыртылып келди. 2026-жылдын 1-апрелинен тарта айлыктар орточо 100 пайызга жогорулады. Айдын аягында кызматкерлер көбөйтүлгөн эмгек акыларын алышат. Ошондой эле 15 000 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм киргизилди", — деп жазган ал.
Британиялык депутаттардын тобу өлкөнүн тышкы иштер министрине Кыргызстандын айрым аткаминерлерине карата санкция киргизүү өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу The Guardian жазды. 20дан ашуун депутат менен лорддор кол койгон катта Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев, башкы прокурор Максат Асаналиев жана Финансылык жөнгө салуу органынын мурдагы жетекчиси Марат Пирназаровдун аты аталган. Британиялыктар бул адамдардын Россияга каршы санкцияларды кыйгап өтүүгө байланышкан аракеттерге тиешеси бар деген пикирде. Мындан тышкары, Кыргызстан эл аралык чектөөлөр салынган аракеттер уланып жаткан аймак катары берилген.
25-апрелден 30-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди Бишкек — Ош унаа жолу, Төө-Ашуу Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад жолу, Көк-Арт ашуусу Каракол — Эңилчек жолу, Чоң-Ашуу кооптуу тилкелер болуп эсептелет.ӨКМ жолдор тайгак болуп, муз тоңорун, айдоочулар унаалардын ортосунда кеминде 500 метр аралыкты сактоосу зарылдыгын эскертти.