«Евразия» багыты: аймактарга жайылган социалдык долбоорлор

Sputnik
«Евразия» бейөкмөт уюмунун Кыргызстандагы ишмердиги акыркы жылдары жигердүү өнүгүп, бир катар социалдык жана маданий долбоорлор ишке ашырылып келет. Бишкекте орус тили, маданияты жана инклюзия боюнча Евразиялык борбор иштеп жатат. Мындан тышкары, Ысык-Көл жана Нарын облустарында ушундай борборлорду ачуу, социалдык дүкөндөрдү түзүү, Улуу Ата Мекендик согуш темасындагы долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле билим берүү, маданият темасындагы демилгелер да көтөрүлгөн.
Ушул багыттагы иштердин учурдагы жүрүшү жана жакынкы пландар тууралуу кененирээк айтып берүү үчүн биз Евразия Кыргызстан регионалдык кеңсесинин директору Кымбат Урумкулова кайрылдык.