Эмгек министрлиги майыптыгы барларга бериле турган санаториялык-курорттук жолдомолорго тендер жарыялады

Sputnik
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги майыптыгы бар адамдар үчүн санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду сатып алуу боюнча ири тендер жарыялады. Анын жалпы суммасы 205 миллион сомдон ашык каражатты түзөт. Бул теманын алкагында аталган министрликтин Социалдык коргоо департаментинин бөлүм башчысы Айдай Адылбекова менен тендердин шарттары, майыптыгы бар жарандар жолдомолорду алуу жолдору тууралуу маек курдук.