Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Москва менен Бишкектин биргелешкен иши Кыргызстандын экономикасына жакшы таасир берүүдө. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин билдирди. Ал кечээ Кремлде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушту. “Бардык келишимдер аткарылып жатат. Эки тарап тең активдүү, интенсивдүү иш алып барууда. Бул иштин жыйынтыгын көрүп жатабыз, ал Кыргызстандын экономикасына жакшы таасир берүүдө ”, — деди Путин. Ал эми Садыр Жапаров Владимир Путинди августта Кыргызстанда өтө турган ШКУ саммитине чакырды.
Кыргызстанда мамлекеттик органдар талап кыла турган документтердин тизмеси бекитилип, ага кирбегендер жарандардан жана бизнес өкүлдөрүнөн талап кылынбайт. Президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койду. Жаңы тартип 2026-жылдын 1-апрелинен тартып 2027-жылдын 31-мартына чейин күчүндө болот. Жарлыкка ылайык, өлкөдө "жөнгө салуучу гильотина" механизми киргизилип, уруксат берүүчү документтердин саны кескин кыскартылат. Бул чара ашыкча бюрократияны жоюуга, бизнес жүргүзүүнү жеңилдетүүгө жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган. Лицензиялар, сертификаттар, патенттер, каттоолор жана башка ушул сыяктуу документтер уруксат берүүчү документтер катары каралат. Бирок Улуттук банк тарабынан берилүүчү документтер бул тартипке кирбейт. Жарлыкта мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар милдеттер жүктөлгөн.
“Түндүк-Чыгыш”бажысынын кызматкерлери жалган декларациялоо жана тыюу салынган товарларды Кыргызстанга мыйзамсыз ташып кирүү аракетине бөгөт койду. Бул тууралуу Бажы кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Кытайдан “Кант” убактылуу сактоо кампасына “М.Л.” ЖЧКнын дарегине автотранспорт каражаты келген. Коштомо документтерде жүк эмерек отургучтары, эмерек фурнитурасы жана идиш-аяк катары көрсөтүлгөн. “Бирок бажылык текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы салмагы 18 килограмм болгон эки комплект балык уулоочу тор табылды. Мыйзамсыз товар жок кылынып, ишканага карата чара көрүлөт”, - деди мекеме. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, синтетикалык балык уулоочу торлорду жана электр кайырмактарды ташып кирүүгө, өндүрүүгө жана колдонууга тыюу салынган.
Европа биримдигине мүчө өлкөлөр Украинага 90 миллиард евро кредит берүүнүн жактырды. Бул тууралуу Еврокеңештин жетекчиси Антониу Кошта билдирди. “Украинага 2026-2027-жылдарга финансылык жана аскердик жардам көрсөтүү үчүн 90 миллиард евро насыя берилет”, — деп жазды ал Х социалдык тармагындагы баракчасына. Киев Россия тарабынан кандайдыр бир “репарация” төлөнгөн учурда гана бул сумманы кайтарып берүүгө милдеттүү болот. Мындан тышкары, каржылоону Украинадагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн “катуу шарттарына” байлап беришет. Акчанын чоң бөлүгү (болжол менен 60 миллиард евро) аскердик жардамга кетет, калганы Украинанын бюджетин колдоо катары берилет. Мындан тышкары, кеңеш кечээ Москвага каршы санкциялардын 20-пакетин кабыл алды. Чектөөлөр банк тутумуна, криптовалюта жана алар менен соода кылган компанияларга таасир этет.