Кытайдан келген жүктөн тыюу салынган балык торлору табылды

Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. “Түндүк-Чыгыш”бажысынын кызматкерлери жалган декларациялоо жана тыюу салынган товарларды Кыргызстанга мыйзамсыз ташып кирүү аракетине бөгөт койду. Бул тууралуу Бажы кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Кытайдан “Кант” убактылуу сактоо кампасына “М.Л.” ЖЧКнын дарегине автотранспорт каражаты келген. Коштомо документтерде жүк эмерек отургучтары, эмерек фурнитурасы жана идиш-аяк катары көрсөтүлгөн.
“Бирок бажылык текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы салмагы 18 килограмм болгон эки комплект балык уулоочу тор табылды. Мыйзамсыз товар жок кылынып, ишканага карата чара көрүлөт”, - деди мекеме.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, синтетикалык балык уулоочу торлорду жана электр кайырмактарды ташып кирүүгө, өндүрүүгө жана колдонууга тыюу салынган. Бул чектөөлөр суу биоресурстарын жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында киргизилген. Ошондой эле бул чаралар Ысык-Көлдүн экологиясын сактоого багытталган президенттин жарлыгынын алкагында ишке ашырылып келет.
Ысык-Көлдөн 13,9 миң метр браконьердик тор чыгарылды