БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Өлкөдөгү жеке мектептердеги окуу акысына коюлган баа текшерилет. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Агартуу министрлиги менен Бишкек мэриясына жеке мектептердеги баалар эмнеге кымбат экенин кароону сунуштады.
Аталган кызмат 45 менчик мектепти текшерип, билим алуунун наркы жылына 40 миңден 150 миң сомго чейин экенин, бирок айрым учурларда 570 миңден 1,3 миллион сомго чейин жетерин аныктаган. Маалыматта мындай баа жарандарды түйшөлтүп жатканы белгиленген.
Мекеме аны ЖОЖдогу баалар менен салыштырган. Окуу акысы университеттерде 107 миңден 152 миң сомго жетсе, алдыңкы мектептерде 313 миңден 580 миң сомго чейин барган.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы мындан улам акысы 200 миң сомдон жогору коюлгандардын чыгымын текшерүүнү өтүнгөн. Ошондой эле мектептерди акыны ачык жарыялоого милдеттендирүү керектиги кошумчаланган.