Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский кармашка керектүү курал тартыш боло баштайт деп сарсанаа

Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Владимир Зеленский Украинада абадан коргонуу системаларынын дүрмөттөрү тартыш болушу мүмкүн деген билдирүүсүн айтты. Бул туурасында ал Нидерланддын Buitenhof телепрограммасына интервью берип жатканда кулак кагыш кылганын РИА Новости жазды.
"Аз жиберип жатышат. Колдогу кор тез эле түгөнүп калышы ыктымал, бул чабуулдардын улам-улам жасалганына же жайлап калганына жараша болот", — деген ал.
Зеленский мурдараак Европанын төлөнбөй калган траншынын айынан Patriot системаларына колдонулуучу ракеталар өз убагында жеткирилбей калды деп арыз-муңун айткан.
Россия Украинага Батыштын курал-жарак берүүсү кырдаалды жөнгө салбастыгын жана НАТО өлкөлөрүн чатакка аралаштырып, "от менен ойноп" жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага делген жүктүн бардык түрү Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен.
Кремль Батыштын Киевди курал-жарак менен жабдуусу орус-украин сүйлөшүүлөрүн улам артка тартып, натыйжасы жакшы болбой турганын бир нече ирет белгилеген.
Москва Лондон менен Париждин өзөктүк курал боюнча планынын кесепетин эскертти