БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Европа биримдигине мүчө өлкөлөр Украинага 90 миллиард евро кредит берүүнүн жактырды. Бул тууралуу Еврокеңештин жетекчиси Антониу Кошта билдирди.
“Украинага 2026-2027-жылдарга финансылык жана аскердик жардам көрсөтүү үчүн 90 миллиард евро насыя берилет”, — деп жазды ал Х социалдык тармагындагы баракчасына.
Киев Россия тарабынан кандайдыр бир “репарация” төлөнгөн учурда гана бул сумманы кайтарып берүүгө милдеттүү болот. Мындан тышкары, каржылоону Украинадагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн “катуу шарттарына” байлап беришет. Акчанын чоң бөлүгү (болжол менен 60 миллиард евро) аскердик жардамга кетет, калганы Украинанын бюджетин колдоо катары берилет.
Мындан тышкары, кеңеш бүгүн Москвага каршы санкциялардын 20-пакетин кабыл алды. Чектөөлөр банк тутумуна, криптовалюта жана алар менен соода кылган компанияларга таасир этет. Ошондой эле булар 570 миллион евродон ашык баалуу металлдардын, химикаттардын жана өтө маанилүү минералдардын импортуна, ошондой эле 360 миллион евродон ашык товарлардын Россияга экспортуна да тиешелүү болот.