БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бишкекте кыргызстандык студенттер менен россиялык окумуштуулардын делегациясынын жолугушуусу болуп өттү. Алар жалпы тарыхый эс-тутум жана Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында СССР элдеринин эрдиги тууралуу сүйлөштү.
Лекцияда А. С. Пушкин атындагы Ленинград мамлекеттик университетинин тарых жана коомдук илимдер факультетинин деканы Вадим Левашко согуш учурунда СССР элдери кимдин канча эрдик көрсөткөнүн ойлобой биргелешип согушуп, аягына чейин күрөшкөнүн белгиледи.
"95 миңден ашуун кыргызстандык согуш талааларында курман болгон. Республикадан чыккан 73 адам Советтер Союзунун Баатыры аталды. Ал эми блокададагы Ленинградга келсек, шаар Кыргызстандан эң оор мезгилде жөнөтүлгөн азык-түлүк жана жылуу кийимдер салынган вагондорду эч качан унутпайт. Бул жардам ачарчылыктагы шаардын тургундарынын тагдырын жеңилдеткен. Согуш жылдарында республикадан фронтко 96 миллион банка эт консервалары жөнөтүлгөн, бул өлкөнү нацисттерден бошотуп жаткан жоокерлерге чоң колдоо болгон", — деди Левашко.
Окумуштуу кошумчалагандай, согуш курмандыктарын жана геноцидди эскерүү Россия менен Кыргызстандын жалпы тарыхый мурасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.