"Евразия" төрайымы: Кыргызстанда орус тили боюнча бир нече борбор ачылат

Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстан ондогон орус тил борборлорун ачууну карап жатат. Бул туурасында "Евразия" уюмунун төрайымы Алена Аршинова Москвада өтүп жаткан "Евразия — салттуу баалуулуктардын аймагы" деп аталган форумда журналисттерге айтты.
"Былтыр ноябрда Бишкекте биринчи борбор ачылган, жакын арада ушундай эле борбор Нарында да ишке берилет. Учурда Кыргызстан тараптан ондогон борбор ачуу боюнча өтүнмөлөр түшкөн", — деди Аршинова.
Төрайым демилге билим берүү тармагындагы суроо-талапка байланыштуу экенин белгилеп, эки өлкөнүн президенттери койгон жалпы билим берүү мейкиндигин түзүү багытындагы иштер жүрүп жатканын кошумчалады.
"Евразия" автономиялуу коммерциялык эмес уюму окуучуларды, студенттерди жана жаш адистерди колдоо максатында түзүлгөн. Долбоорлорунун арасында билим берүү программалары, тажрыйба алмашуу, ири мамлекеттик жана жеке компанияларда стажировкадан өтүү, медиамектеп бар.
Муну менен бирге "Евразия" — мектеп жана ЖОЖ окутуучулары үчүн кесиптик платформалар, журналист жана блогерлер үчүн гранттар, ишкерлер үчүн өнөктөш издөө, продукцияны сатуу боюнча бизнес-миссиялар, тарыхты сактоо жана маданият багытындагы долбоорлор.
Бишкекте "Евразия" Орус тили жана маданият борборун ачты. Видео