Кыргызстан Россиядагы ЖОЖдордон дагы 300 гранттык орун сурады

Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстан Россиянын ЖОЖдорунан дагы 300 гранттык орун сураганын илим министри Гүлзат Исаматова "Евразия — салттуу баалуулуктардын аймагы" деп аталган форумда билдирди.
Министр буга чейин 700 орун бөлүнгөнүн эске салып, жакында Жогорку Кеңештин төрагасынын сапарында кыргыз тарап Россиянын билим берүү жана илим министрине орус тили мугалимдерин даярдоо үчүн квотаны көбөйтүү өтүнүчү менен кайрылганын эске салды.
"Бул жаштарыбыздын Россиянын ЖОЖдорунда билим алууга кызыгуусу жогору экенин дагы бир жолу тастыктайт. Орус тили Евразия мейкиндигинде илимий-техникалык процесстерге интеграцияланууга, заманбап көйгөйлөргө ыңгайлашууга жана бул мейкиндикте өз ордун табууга кеңири мүмкүнчүлүк берет", — деди Исаматова.
"Евразия" төрайымы: Кыргызстанда орус тили боюнча бир нече борбор ачылат