БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. ЕЭК министри Арзыбек Кожошев Орто Азиянын чыгыш менен батышты, түндүк менен түштүктү байланыштырган көпүрөгө айлануу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.
Ал мунай жана мунай заттарынын 20 пайызы өткөн Ормуз кысыгынын бөгөттөлүшү дүйнөлүк логистика үчүн олуттуу тобокелдиктерди жаратканын белгилеген.
"Деңиз жолдорунан көз каранды болбогон маршруттарды күчөтүшүбүз керек. Евразия эл аралык соода жана логистиканын борборуна айланышы толук ыктымал. 2030-жылга чейин Орто Азия аркылуу жүк агымы 95 миллион тоннага өсүп, контейнердик ташуулар да кыйла көбөйүшү мүмкүн", — деди ал Эл аралык транспорт форумунда.
Кожошев географиялык дараметти ишке ашыруу үчүн жалпы эрежелер жана институттар керектигин кошумчалады. Министр бул багытта негизги роль ШКУ, КМШ жана ЕЭКке таандык болот деп эсептейт.