БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Азыр чоочун маалыматтык мейкиндикте иштеп жатабыз. Бул тууралуу медиаэксперт Таалай Ороскулов "Евразия — салттуу баалуулуктардын аймагы" деп аталган форумда билдирди.
Ал колдонулуп жаткан социалдык тармактар бөлөк экенин белгиледи.
"Азырынча өзүбүздүн маалыматтык мейкиндикти түзүүгө шарт да, мүмкүнчүлүк да жок. Колдо болгон нерсе менен иштөөгө туура келет", — деди Ороскулов.
Медиаэксперт жаштар менен иш алып баруу зарыл экенин, баалуулуктарды алардын тилинде сүйлөп жеткирүү керектигин баса белгиледи.
"Дайыма эле коргонуп келебиз. Эми өз саясатыбызды жүргүзүп, ал түгүл касташкан чөйрөдө, айдыңда да таасирибизди кеңейтишибиз керек", — деген ал.
Ороскулов маалымат айдыңынын келечегине да божомол жасап, 10 жылдан кийин жаңылыктар мем түрүндө жарыяланып каларын боолголоду.
"Бүгүн сюжет, тексттер натыйжа бербей калды. Медиа тармагында 38 жылдык тажрыйбасы бар адис катары божомолдосом, 10 жылдан кийин ЖМКлар жаңылыкты мем түрүндө жарыялап калат", — деди эксперт.