Кыргызстанда чет элдик студенттердин санын көбөйтүү мерчемделүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстанда чет элдик студенттердин санын көбөйтүү пландалууда. Министрлер кабинети иштеп чыккан 2030-жылга чейин жогорку кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын долбоору коомдук талкууга коюлду.
Негизги максаттары:
иш берүүчүлөрдүн 90 пыйызы бүтүрүүчүлөрдүн даярдыгына канааттанышы керек;
чет элдик студенттердин санын 80 миңге жеткирүү;
англис тилинде окуткан жана кош дипломдуу билим берүү программаларынын үлүшү 25 пайызга жетиши керек;
ЖОЖдордун бюджеттен тышкаркы кирешесинин үлүшү 40-100 пайызды түзүшү зарыл.
Статкомдун билдирүүсүндө, 2024-2025-окуу жылында 50 миңге чукул чет элдик студент катталган.
Кыргызстанга кирген чет өлкөлүктөргө да жеке идентификациялык номер берилет