БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Негизги максатыбыз евразиялык өзгөчөлүктү сактап калуу, ошондой эле орус тилин коргоо жана өнүктүрүү болгондуктан Орус тилин колдоо боюнча түзүлгөн евразиялык ассоциациянын ишин илгерилетүүгө басым жасап жатабыз. Буларды "Евразия" уюмунун башчысы Алена Аршинова Москвада өтүп жаткан "Евразия — салттуу баалуулуктардын аймагы" деп аталган форумда журналисттерге айтты.
Ал иш-чараларга катышкандардын саны өскөн сайын өлкөлөрдүн кулачы да кеңейип жатканын белгилеген.
"Евразия мейкиндиги чоңоюп жатат. Эгер 2024-жылы 20 миң адамды камтысак, быйыл алардын саны 120 миңге жетти. Демек, кыйла тездик менен өсүп жатабыз. Биздин милдет — заманбап көйгөйлөргө жооп берүү, континенттин тургундарынын жана биздин программаларга кошулууну каалагандардын муктаждыктарын канааттандырууну улантуу", — деген уюм жетекчиси.
Аршинова Евразиялык ассоциацияны өнүктүрүүгө жана орус тилин колдоого көңүл өзгөчө бурулуп жаткандыгын кошумчалаган.
"Биз Евразиялык ассоциацияны өнүктүрүүгө жана орус тилин колдоого көңүл буруп жатабыз. Бишкекте балдар менен жаштардын башын бириктирген жаңы борбор ачтык. Азыркы максатыбыз — ушундай жайлардын тармагын кеңейтүү. Учурда Кыргызстандын түштүгүндө жаңысын ачууга даярданып жатабыз. Мындай борборлор Арменияда да ийгиликтүү иштеп жатат. Ошондой эле Батыш Африкадан да ушундай сунуш алдык", — деп белгиледи ал.