Эфирде — «Стоп кадр». Бул сапар биз документалдык кино дүйнөсүнө кайрылабыз. Даректүү тасмалар — бул жөн гана экрандагы окуя эмес, бул чыныгы турмуштун күзгүсү.
Бирок бул тармакты үйрөтүүдө, айрыкча билим берүү системасында кандай көйгөйлөр бар? Ал эми жетишкендиктер кайсылар?
Ушул жана башка суроолорго бүгүнкү коногубуз жооп берет — бир канча даректүү тасмалардын режиссеру, Кыргыз-Түрк Манас университетинин ага окутуучусу, PhD доктор Марат Эргешов.