Акыркы жылдары кант диабети жаштар арасында да көбөйүп, олуттуу медициналык жана социалдык көйгөйгө айланууда. Кант диабети организмдеги кан тамырларды акырындык менен жабыркатат, өзгөчө жүрөккө чоң коркунуч жаратат. Диабет жүрөктүн кан тамырларын кандайча бузат? Анын кесепеттери кандай болот жана бул коркунучтун алдын алуу мүмкүнбү? “Ачык кеп” программасында Жалпы практикдагы дарыгер, кардиолог Айжамал Байышова кант диабетинин жүрөк-кан тамыр системасына тийгизген таасири тууралуу кеп кылдык.