Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Улан Маматканов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматы билдирди. 44 жаштагы Мамытканов 15-апрелде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал буга чейин аталган кызматты аркалап келген Эдил Байсалов АКШга элчи болуп кеткенден кийин ордуна келген. Маматкановду кызматка бекитүү үчүн талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилип, депутаттар кечээги жыйында макулдук беришкен. Улан Маматканов 1982-жылы 21-июнда Оштун Кара-Суу районудагы Мады айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетин "мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" адистиги боюнча артыкчылык менен бүтүргөн. 2008-жылы КР президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын магистратурасын аяктаган.
Кыргызстанда орус тили Баш мыйзам менен корголот. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Москвада өтүп жаткан "Евразия — салттуу баалуулуктардын аймагы" деп аталган форумда айтты. Ал учурда тилди үйрөткөн мугалимдер жетишсиз экенин, министрлик мындан улам орус тили факультеттерин субсидиялоо же эки тилди билген мугалимдерди даярдоо боюнча сунуштарды киргизип жатканын белгиледи. "Кыргызстан — кош тилдүү өлкө. Анда 1,5 миллион бала орус тили сабагын окуйт. Билим берүүнүн негизги миссиясы — кайсы жерде жашабасын, өз өлкөсүнүн креативдүү, чыныгы жарандарын тарбиялоо. Эң башкы баалуулук — Мекенге кызмат кылуу, муундар аралык байланышты, улуттук баалуулуктарды жана үй-бүлөлүк салттарды сактоо", — деди министр.
Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев 14 жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү бүгүн Чүй облустук сотунун соттук коллегиясы чыгарганын маалымат кызматы билдирди. Бегалиев Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин (Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) 1-бөлүгү, 262-беренесинин (Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу) 2-бөлүгү, 208-беренесинин ("Опузалап талап кылуу") 4-бөлүгү жана 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу) 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылган. Мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркиндигинен ажыратуу чечими чыгып, айыпкер сот залынан камакка алынды.
Азыр чоочун маалыматтык мейкиндикте иштеп жатабыз. Бул тууралуу медиаэксперт Таалай Ороскулов "Евразия — салттуу баалуулуктардын аймагы" деп аталган форумда билдирди. Ал колдонулуп жаткан социалдык тармактар бөлөк экенин белгиледи. "Азырынча өзүбүздүн маалыматтык мейкиндикти түзүүгө шарт да, мүмкүнчүлүк да жок. Колдо болгон нерсе менен иштөөгө туура келет", — деди Ороскулов. Медиаэксперт жаштар менен иш алып баруу зарыл экенин, баалуулуктарды алардын тилинде сүйлөп жеткирүү керектигин баса белгиледи. "Дайыма эле коргонуп келебиз. Эми өз саясатыбызды жүргүзүп, ал түгүл касташкан чөйрөдө, айдыңда да таасирибизди кеңейтишибиз керек", — деген ал. Ороскулов маалымат айдыңынын келечегине да божомол жасап, 10 жылдан кийин жаңылыктар мем түрүндө жарыяланып каларын боолголоду.