Президент Садыр Жапаров мамлекеттик кызматтагы кадр тартыштыгы маселесин жыл сайын көтөрүп келет. Бул көйгөй өлкөнүн башкаруу системасы үчүн олуттуу чакырык бойдон калууда. Айрыкча, квалификациялуу, таза иштеген жана жоопкерчиликтүү адистердин жетишсиздиги мамлекеттик органдардын ишинин сапатына түздөн-түз таасир этүүдө.
Ушундай шартта бийлик тарабынан кадр жетишсиздигин жоюу, жаш жана кесипкөй адистерди мамлекеттик кызматка тартуу, ошондой эле кадрдык саясатты реформалоо маселеси күн тартибинде турат. Кандай чаралар көрүлүп жатат? Мамлекеттик кызматка кирүүнү каалагандарга коюлган талаптар канчалык деңгээлде катуу? Кадр тандоо жана дайындоо саясаты өзгөрөбү?
Ушул жана башка маанилүү суроолорго Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башкы адиси Медер Алышбаев жана аталган агенттиктин Окутуу жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жыргал Маратбекова жооп берди.