Мамлекеттик башкаруу академиясы: илимий потенциал жана санариптик трансформация

Sputnik
Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясына берилген өзгөчө статус академияга окуу программаларын жаңылоого, илимий изилдөөлөрдү кеңейтүүгө жана заманбап билим берүү стандарттарын киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Окуу программаларында практикалык багыттарга жана санариптик компетенцияларга басым жасалууда. Академия эми магистрларды даярдоого басым жасайт. Баклавариаттар даярдалбайт.
Санарип платформаларды өнүктүрүү аркылуу илимге көңүл бурулуп, студенттердин окутуу процесси жакшыртылууда. Академиянын илимий багыттары мамлекеттик башкаруу, билим берүүнүн инновациялары жана санариптик трансформация менен байланыштуу.
«Күн башат» программасында Чолпон Абдыкадырова жетекчилиги илимий потенциалды жогорулатуу, жаш окумуштууларды колдоо жана эл аралык кызматташтык боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.