“Сот” автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу электрондук билдирүү киргизилүүдө. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти. Маалыматка ылайык, Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев бүгүн жергиликтүү соттордун төрагалары менен онлайн-кеңешме өткөрдү. Анда сот тутумун санариптештирүү алкагында процесске катышуучуларды автоматташтырылган түрдө кабарлоо функциясы ишке киргизилгендиги айтылды. Эми иш боюнча тараптар соттук отурумдар жөнүндө расмий билдирүүлөрдү “Сот” тутуму аркылуу өздөрүнүн мобилдик телефондоруна жана электрондук почталарына түз ала алышат.“Тараптарга соттук отурумдардын күнү, убактысы жана орду жөнүндө электрондук билдирүү жөнөтүү боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилүүдө. Бул механизм процесстин катышуучуларын тийиштүү түрдө жана өз убагында кабарлоону, алардын соттук отурумдарга иш жүзүндө катышуусун камсыз кылууга, ошондой эле сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Электрондук билдирүү, эгерде процесстин катышуучулары уюлдук телефон номерин көрсөткөн учурда, соттун автоматташтырылган маалыматтык тутумунун тийиштүү модулдарынын иштеши аркылуу автоматташтырылган режимде жүзөгө ашырылат”, - деди Нурлан Мусаев.Белгиленгендей, соттук отурумдун алдында автоматтык түрдө эскертүү жөнөтүү функциясы ишке ашырылган, бул тараптардын келбей калуу учурларын азайтууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле, сотко чакыруу тууралуу бардык маалымат кадимки СМС же электрондук почтадагы кат аркылуу жеткиликтүү экендиги, жарандардын кагаз жүзүндөгү чакыруу кагаздарын алуу үчүн почта бөлүмүнө баруусунун кажети жоктугу айтылды. Тутумда билдирүүнүн жөнөтүлгөн так убактысы жана жеткирилген статусу катталат, бул процесстин катышуучуларынын укуктарынын корголушуна кепилдик берет.
22-апрелде Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Палестинанын Кыргызстандагы элчиси Ваиль Ахмед Батрехи менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. “Кыргызстан жагымдуу жана алдын ала божомолдоого мүмкүн болгон инвестициялык чөйрөнү түзүү боюнча ырааттуу саясат жүргүзүп келет. Биз өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарбыз жана инвесторлорго укуктук кепилдиктерди, салыктык жеңилдиктерди жана долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында коштоону камтыган колдоо чараларынын комплексин сунуштоого даярбыз", - деп белгиледи Равшанбек Сабиров. Сүйлөшүүлөрдө ошондой эле курулуш жана инфраструктура, агроөнөр жай комплекси жана туризм сыяктуу артыкчылыктуу багыттарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүү, инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы алаканы активдештирүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Калкты тейлөө борборлору 1-майдан 10-майга чейин майрам