БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстандын транспорт тармагы туруктуу өсүш көрсөтүүдө. Бул тууралуу транспорт министри Талантбек Солтобаев Бишкекте өтүп жаткан "Кыргызстан – континенттерди бириктирген аймактык хаб" эл аралык транспорт форумунда айтты.
Ал 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 660 миллиондон ашык жүргүнчү ташылып, 60 миллион тоннадан ашык жүк жеткирилгенин белгиледи.
Бул жылы негизги көрсөткүч болжол менен 6-7 пайыз деңгээлинде өсүүнү улантып, ири жана динамикалуу өнүгүп жаткан транспорт системасы калыптанып жатканын көрсөтөт.
"Темир жол тармагында жыл сайын жүк ташуунун көлөмү өсүүдө, инфраструктураны модернизациялоо долбоорлору ишке ашырылып, контейнердик логистика өнүгүп жатат", — деди Солтобаев.
Ал Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу стратегиялык долбоорунун мааниси өзгөчө экенин белгилеп, долбоор практикалык ишке ашыруу баскычына өткөнүн айтты.
"Автоунаа тармагында санариптик чечимдер киргизилүүдө: 40тан ашык өлкө менен уруксат алмашуу жолго коюлган, транспорттук көзөмөл системасы иштеп жатат. Бул бюджеттик кирешени көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. Автоунаа транспорту негизги сегмент бойдон калып, жүк ташуулардын негизги үлүшүн түзөт", — деп кошумчалады министр.
Солтобаевдин айтымында, ички байланышты өнүктүрүү маанилүү багыт бойдон калууда. Тагыраагы, түндүк — түштүк автожолунун долбоору жана Бишкек — Ош автожолун модернизациялоо ишке ашырылууда. Ошол эле учурда чек арадан өтүү мүмкүнчүлүгү жогорулатылууда. Тармакты санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, электрондук уруксаттар, онлайн кызматтар киргизилип, эл аралык системалар менен интеграцияланып жатат.
"Биз үч негизги багытты белгиледик. Биринчиси — инфраструктура: жолдор, темир жолдор, логистикалык борборлор. Экинчиси — технологиялар: санариптештирүү, автоматташтыруу, интеллектуалдык системалар. Үчүнчүсү — өнөктөштүк: эл аралык уюмдар жана бизнес менен кызматташуу", — деди министр.
Ал Кыргызстан биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, мультимодалдык маршруттарды өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга ачык экенин белгиледи.