БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстан цитрус жемиштеринин экспортун дээрлик эки эсе көбөйттү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Январь-февраль айларында өлкө 14,8 тонна цитрус саткан, ал эми өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 8 тонна гана сыртка чыгарылган эле. Экспорттолгон бардык көлөмдү Казакстан жана Россия (ЕАЭБ өлкөлөрү) сатып алган.
Статкомдун маалыматына ылайык, өткөн жылы Кыргызстанда цитрус жемиштеринин (негизинен лимондордун) түшүмү дээрлик 12 тоннаны түзгөн.