Ысык-Көлгө топурак төгүлүп жаткан видео тарады. Министрликтин түшүндүрмөсү

Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Тамчыда беш жылдыздуу пансионаттар салынып жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирип, Ысык-Көлдүн жээгинде экология бузулууда деген маалыматка түшүндүрмө берди.
Буга чейин блогер Эртай Искаков Тамчыда курулуш компаниялары көл жээгиндеги экологиялык талаптарды бузуп жатканын билдирип, маморгандарга видео кайрылуу жолдогон.
Министрлик бул боюнча көл жээгиндеги саздак жерлерди бекемдөө максатында грунт төгүлүп жатканын, бул жерде көлдү толтуруу же анын аянтын кеңейтүү пландалбаганын билдирди.
"Колдонулган топурак ошол эле аймактан алынган жана анын үстүнө кошумча кум төшөлөт. Бардык экологиялык талаптар сакталууда, зыяндуу заттар колдонулган эмес. Аймакта учурда беш жылдыздуу үч пансионат курулуп жатат. Иштер тиешелүү уруксат документтеринин негизинде жүргүзүлүүдө", — деди министрлик.
Ведомство жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого жана расмий булактарга гана ишенүүгө чакырды.
Тоо жаныбарларын аткандарга айып пулдун өлчөмү үч эсе жогорулатылды