БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө мыйзамга кол койгонун маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, мамлекеттик сыйлыктардын, ардак наамдардын жана сый акылардын системасы оптималдаштырылып, 46дан 22ге чейин кыскартылды. Ошону менен катар жаңы сыйлоо институттары киргизилди, анын ичинде Эрдик ордени, Ардак медалы, Кыргыз Республикасынын жаратманы жана Кыргыз Республикасынын сыймыгы ардак наамдары бар.
Мурдагы айрым сыйлыктар жана наамдар жоюлуп же бириктирилди. Ошол эле учурда "Кыргыз Республикасынын эл мугалими", "эл врачы", "эл артисти", "эл жазуучусу", "эл акыны", "эл сүрөтчүсү" сыяктуу ардак наамдар сакталды.
Мындан тышкары, мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруунун тартиби, алардын укуктук статусу, ошондой эле сыйланган жарандардын укуктары жана социалдык кепилдиктери так аныкталды. Мыйзам мамлекеттик сыйлоо системасын заманбап талаптарга ылайыкташтырууга жана эмгеги сиңген жарандарды баалоонун натыйжалуу механизмин түзүүгө багытталган.