Кыргызстандык жаштар Екатеринбургдагы фестивалга катыша алат. Шарт-талабы

Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. "Жаңы муун" программасынын алкагында өтө турган эл аралык жаштар фестивалына катышууга арыздарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Россотрудничествонун өкүлү Альберт Зульхарнеев билдирди.
Иш-чара 2026-жылдын 11-17 сентябрында Екатеринбург шаарында өтүп, мурда Сочи жана Нижний Новгород шаарларында өткөн ири фестивалядардын уландысы болмокчу. Ага дүйнөнүн 190 өлкөсүнөн 30 миңден ашуун адам катышары күтүлүүдө.
Программага эксперттердин катышуусундагы ачык дискуссиялар, TED-форматындагы лекциялар, ток-шоулар, иммерсивдик көрсөтүүлөр, арт-перформанстар, спорттук иш-чаралар жана нетворкинг кирет.
Фестивалга Кыргызстандын 18–35 жаштагы жарандары — жаш ишкерлер, блогерлер, активисттер, эл аралык долбоорлордун катышуучулары, медиа өкүлдөрү, илим, спорт жана билим берүү тармагындагы адистер чакырылат. Эл аралык долбоорлордо тажрыйбасы бар, стартапты ишке ашырган жана англис тилин В1 деңгээлинде билген талапкерлерге артыкчылык берилет.
Уюмдан белгилешкендей, тандоодон өткөн катышуучулардын жол киреси, жашай турган жайы жана тамактануу чыгымы толугу менен уюштуруучулар тарабынан төлөнөт.
Арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 28-апрелине чейин уланат. Катышуу үчүн талапкерлер фестивалдын расмиий сайты аркылуу катталып, эссе жана видеовизитка жүктөп, "Жаңы муун" программасынын анкетасын толтуруп, электрондук дарек аркылуу жөнөтүшү керек.
Уюштуруучулар жаштарды мүмкүчүлүктү колдон чыгарбай, эл аралык деңгээлдеги ири иш-чарага катышууга чакырат.
Россияда кантип акысыз билим алууга болот. Видео