БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын көңүлүн алыш үчүн Украинанын сүйлөшүүгө барган өкүлдөрү Донбасстын Киевге караштуу бөлүгүн Донниленд деп атоону сунуштаган. Бул тууралуу New York Times жазды.
Карта Донбасса с названием Donnyland, опубликованная NYT
© © Leanne Abraham/The New York Times
"Акыркы айларда жүргөн тынчтык сүйлөшүүлөрүндө украиналыктар Донбасстын бир бөлүгүн Донниленд деп атоо боюнча демилге көтөрүшкөн", — деп айтылат макалада.
Гезит Киев муну менен Трампты аймактын тиешелүүлүгү боюнча маселеде Москвага кысымын күчөттүрүүнү көздөп жатканын белгилеген.
Басылманын маалыматы боюнча башында бул аталыш тамаша катары колдонулса, кийин идея өнүгүп кеткен. Украин чиновниктери жаңы түзүлүш үчүн жашыл-алтын түстөгү желек иштеп чыгып, атүгүл, ага гимн жазып берүү үчүн жасалма интеллектиге да кайрылышкан.